Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Путин Пригожин "таланттуу ишкер болгонун" айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кулашы тууралуу үн катты. Ал өзүлөрүн “ДНР” деп атап алган Украинага караштуу аймактын Москва дайындаган губернатору Денис Пушилин менен жолугушууда Твердеги авиакырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Алдын ала маалыматтарга караганда учакта “Вагнер” компаниясынын кызматкерлери болгон окшойт. Эгер ошондой болсо, белгилеп кетерим, бул адамдар биздин Украинадагы неонацисттердин режимине каршы жалпы күрөшүбүзгө сезилерлик салым кошкон. Биз муну унутпайбыз, билебиз жана эстейбиз”,- деген Путин Пригожинди 90-жылдардан бери тааный турганын жана “таланттуу ишкер” болгонун кошумчалады. Ал “тагдыры оор, жашоодо олуттуу каталарды кетирген, тийиштүү максаттарына жете алган адам болгон” деди Путин.

23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары мүрт кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланды.

«Вагнердин» командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн ырасташты, анткен менен ага жакын Телеграм-каналдар Пригожиндин өлүмүнүн расмий бышыкталышын күтүүгө чакырышты.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Орус аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG