Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Талибдер 100дөй кызды БАЭге окууга жиберген жок


Кабул университетине тапшырып жаткан студент кыздар. 13-октябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт. Иллюстрация катары колдонулду.
Кабул университетине тапшырып жаткан студент кыздар. 13-октябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт. Иллюстрация катары колдонулду.

Баш кеңсеси Дубайда жайгашкан Аль-Хабтур компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Халаф Ахмад Аль Хабтурдун айтымында, талибдердин бийлиги Бириккен Араб Эмираттарына университетке окууга бараткан 100дөй ооганстандык кызды Кабулдагы аэропорттон учурбай койду.

Бул тууралуу ал X социалдык түйүнүндө жарыяланган видеодо айтты.

«Талибдердин өкмөтү окуганы келе жаткан кыздарды кое бербей койду. Аларга учакка отурууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Биз кыздардын жолун, бул жактагы окуусун, жашаганын бүт төлөп койгонбуз», - деди ал.

2021-жылы Кабулдагы бийликти басып алган талибдердин өкмөтү бул боюнча ачык комментарий берген жок.

Өзүнүн видеокайрылуусу менен бирге Аль Хабтур студент кыздардын биринин аудиокатын жарыялады. Ал тууганы коштоп келатканын, бирок бийлик баарын учакка отургузбай койгонун айтып берген.

Соңку бир жылда талибдер ооган кыз-келиндеринин укуктарын болуп көрбөгөндөй чектеди.

Кыздарга алтынчы класстан кийин мектепке барууга, ал эми аялдарга сейил жайларга, спорт залдарга, окуу жайларга барууга, бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынды.

Эл аралык укук коргоо уюмдары талибдерди кыз-келиндердин укуктарын чектөөнү токтотууга чакырып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG