Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Украина аннексияланган Крымда атайын операция өткөргөнүн билдирди


Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов. 3-август, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов. 3-август, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Украиналык аскерлер аннексияланган Крымдагы Маяк айылынын жанында жайгашкан Тарханкут тумшугунда авиация жана кемелердин жардамы менен атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу алгач "Крым. Реалии" чалгын кызматтарындагы өз булактарына таянып жазды. Көп өтпөй Украинанын Башкы чалгын кызматы операциянын видеосун жарыялады.

Чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов украин басылмаларына берген маегинде атайын операциянын алкагында бардык тапшырмалар аткарылганын айткан.

«Чоо-жайын ачыктай албайбыз, душмандын жеке курамында жоготуулар бар. Саны такталууда», - деди ал.

Орусиянын бийлиги украиндердин атайын операциясы тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ал эми бийликчил SHOT Телеграм-каналы Тарханкут тумшугунда атышуулардын үнү угулганын жазды. Күбөлөрдүн айтымында, алар «жээктен он чакты белгисиз адам түшкөн эки желим кайык көрүшкөн».

Аталган каналдын булагы «украиналык диверсанттар түшкөн төрт кайык» жок кылынганын кабарлаган.

Тарханкут тумшугу жайгашкан Маяк айылында Орус Аба-космос күчтөрүнүн радиотехникалык аскерлеринин 3-радиотехникалык бөлүмүнүн базасы жайгашкан.

Операция 24-августта Украина Эгемендик күнүн белгилеп жатканда өткөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG