Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Жазуучу Олжобай Шакир эки айга камалды


Олжобай Шакир сот залында. 24-август, 2023.
Олжобай Шакир сот залында. 24-август, 2023.

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин абакта калды.

Судья адвокаттардын отурумду ачык өткөрүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Отурумга бир гана анын жубайын киргизүүгө уруксат берилди.

Анын бөгөт чарасы каралып жатканда сот залынын алдында бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана анын жакындары плакаттарды кармап, бошотулушун талап кылып турушту.

Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган.

Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.

Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Олжобай Шакирдин жубайы Назгүл Бодбаева ал 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын "Азаттыкка" кабарлаган.

Кийинчерээк жазуучунун дайыны Улуттук коопсуздук комитетинен чыкканын "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирген. Жазуучунун УКМКда суракта экени маалым болгондон кийин аны бошотууну талап кылган бир нече активист, журналист жана укук коргоочулар жана анын жакындары УКМКнын имаратынын алдына чогулушкан.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырып жүргөн. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG