Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Орусиялык Ми-8 тик учагы Украинага конду


Орусиялык Ми-8 тик учагы орусиялык дагы, украиналык дагы булактардын маалымдашынча, бир канча убакыт мурда Орусиядан учуп келип, Украинадагы аэродромдордун бирине конгон. Бул окуя тууралуу жазгандар конуунун себептерин ар кандай айтышууда. Расмий маалымат азырынча жок.

Орусиялык FighterBomber Телеграм-каналы шаршембиде тик учак "бир канча күнгө жоголуп кеткенин" жазды. Каналдын маалыматында тик учак техникалык себептерден улам багытын жоготуп, Украинага өтүп кеткен. Учкуч ал жерди Полтава деп ойлоп алып, аэродромго конгон. Кайра учуп кетүүгө аракет кылганда аткылоого кабылган. Мындан улам учкуч жарадар болуп, экипаждын калган эки мүчөсү окко учкан.

Украиналык журналист Юрий Бутусов армиядагы булакка таянып, орусиялык тик учак украин авиабазасына конгонун ырастады. Анын айтымында, бул навигациянын жаңылыштыгы болушу мүмкүн эмес. Полтава аэродрому фронт линиясынан 300 чакырымдай алыс болгондуктан учууга даярдык жакшы болушу керек болчу. Бутусовдун айтымында, тик учак бүтүн.

"Украин чындыгы" атайын кызматтагы булактарына таянып, бул Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын кызматынын жарым жылдан бери даярдалган атайын операциясы болгонун жазды. Украин чалгын кызматы Ми-8 АМТШ тик учагынын учкучун "азгырып", үй-бүлөсүн күн мурунтан эле Орусиядан чыгарып кеткен. Тик учак орусиялык эки авиабазанын ортосунда кыргын салуучу учактар үчүн тетиктерди ташып жүрүп, Харьков облусундагы аэродромго конгон. Экипаждын башка эки мүчөсү бул тууралуу билген эмес, атайын операциянын жүрүшүндө алар өлтүрүлгөн. Украин чалгын кызматы экипаждын командирин дагы "азгырганбы" же жокпу билдирүүдө айтылган эмес.

Сөз болуп аткан тик учактын сүрөтү жарыяланды.

"Украин чындыгынын" билдиришинче, машина азыр "Киевде турат".

Орусиялык FighterBomber каналы бул кабардан кийин өз версиясы тууралуу дагы бир пост чыгарды. Анда экипаждын үй-бүлөсү Орусияда эле экени, кеп Полтава шаары тууралуу болбогону, Харьков облусундагы так ушундай аталыштагы кыштак бары жазылган.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Андрей Юсов "Громадське" телеканалына "Украин чындыгы" жазгандарды ырастап, расмий маалыматтар жакында берилерин убада кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG