Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Сербия Крым платформасына кошулду


Крым платформасынын 2022-жылдагы саммитинде тартылган сүрөт
Крым платформасынын 2022-жылдагы саммитинде тартылган сүрөт

Киевде 23-августта – Украинанын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Крым платформасынын саммити ачылды. Бул уюм Украинанын демилгеси менен аннексияланган Крым маселесин эл аралык деңгээлде талкуулоо үчүн 2021-жылы түзүлгөн. Ошол жылы августта биринчи саммити өтүп, Крымды Украинага кайтаруу максаттары камтылган декларация кабыл алынган.

Үчүнчү ирет өтүп жаткан саммитке Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери онлайн катышууда. Литванын, Португалиянын, Венгриянын президенттери, Молдованын жана Финляндиянын премьер-министрлери Украинанын борборуна келишти.

Саммитте сүйлөгөн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Крым платформасынын катышуучуларынын саны 67ге жеткенин белгиледи. Жаңы кошулгандардын арасында Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Сербия бар.

Украин президенти Владимир Зеленский Киев Орусия басып алган бардык аймактарды бошотууга жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө умтулуп жатканын дагы бир жолу белгиледи.

Москва аннексиялап алган Крымды Орусиянын бөлүнгүс аймагы деп атап, Крым платформасын кескин сынга алып келет. Кремль Киевдин Крымды кайтарып алуу демилгесин Украинадагы согуштун башатылышынын себептеринин бири катары атаган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Дүйнө коомчулугу Крымды Украинанын бөлүгү деп санайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG