Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Мауидеги өрт: миңден ашуун адам дайынсыз


Августтун башында Гавайинин Мауи аралындагы өрттө миңден ашуун адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Федералдык иликтөө бюросунун өкүлү Стивен Меррилл билдирди.

Анын айтымында, дайынсыз жоголгон 2500 адамдын 1400дөйү аман-эсен экени ырасталды.

Мауидеги өрт 8-августта тутанган. Кургакчылыктан, бороон-чапкындан улам тилсиз жоо тездик менен жайылып, жыл сайын 2 миллионго жакын турист эс алган Лахайна курорттук аймагын толугу менен жок кылды.

Апаат 115 адамдын өмүрүн алды, бул акыркы жүз жылдагы эң көп өмүр кыйылган өрт кырсыгы катары саналууда.

Мауидеги өрттө жан-жаныбарлар өлүп, аралдагы 150 жылдан бери өсүп турган баньян карт дарагы күйүп кетти. Экологдор өрт кыртыштын эрозиясын тездетип, суу агымын булгап, аралдар, деңиз жашоосу жана фаунасы үчүн кооптуу кырдаал жаралууда деп болжолдошууда.

2023-жылы рекорддук ысыктан улам ири токой өрттөрү Грекия, Испания, Португалия жана башка Европа өлкөлөрүндө да катталган. Канадада өрттүн айынан он миңдеген жергиликтүү тургун эвакуация болду. Жыл башынан бери Орусияда дээрлик 4,3 миллион гектар жер өрттөндү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG