Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Kaktus.media сайтына каршы доо арыз боюнча сот 4-сентябрда уланат


Kaktus.media сайтынын башкы бети
Kaktus.media сайтынын башкы бети

23-августта Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча тараптардын арызын карай баштады.

Арызда "Вечерний Бишкек" Kaktus.media басылмасынан 25 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал эми Kaktus.media юридикалык тараптарга моралдык компенсация төлөнбөйт деген негизде арыз менен кайрылган.

"Моралдык зыян эч качан юридикалык тараптарга өндүрүлбөйт. Жарандык кодексте да, Жогорку соттун пленумунда да моралдык зыян жеке, физикалык тараптарга гана өндүрүлөт деп каралган. Бүгүн судьяга ошону көрсөтүп бердик", - деди Kaktus.media басылмасынын адвокаты Нурбек Сыдыков.

Былтыр декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала чыккан.

“Вечерний Бишкек” бул макалада туура эмес маалымат жазылган деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Арызды Биринчи Май райондук соту карап, 2023-жылы 23-майда чечим чыгарган жана доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, Юсупованы 500 миң сом, басылманын өзүн 500 миң сом, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик төлөм төлөөгө милдеттендирген.

Эки тарап тең буга макул болбой кийинки инстанцияга кайрылышкан.

Kaktus.media сайтынын адвокаты Нурбек Сыдыков райондук сот журналисттик материалдагы бир гана сөздү жокко чыгарганын, материалда жазылган калган фактылар сотто далилденгенин маалымдады.

Кийинки сот 4-сентябрга белгиленди. (ZHE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG