Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Төрөбаев "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык аяктап калганын билдирди


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Мининстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында сүйлөп жатып, "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык жакында аяктай турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Масштабдуу “Камбар-Ата 1” ГЭСин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турганын кошумчалай кетели. Буга катар Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түзүү иштери жүрүүдө”, - деди Төрөбаев.

Жыйынга КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү, ошондой эле энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери катышты.

Аталган гидрэлектростанцияны Кыргызстан 2012-жылы Орусия менен курмай болгон. Бирок долбоор ишке ашкан эмес.

Кийин аны Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип куруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү, ГЭСти башкара турган ал компаниянын үлүшүнүн 34% Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөрү маалымдалган эле.

Быйыл май айында Кытайда өткөн форумда президент Садыр Жапаров кытай ишкерлерин Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырып, бийлик “Камбар-Ата 1” ГЭСине байланышкан сунуштарды кароого даяр экенин айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG