Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Жапония "Фукусима-1"АЭСинен чыккан сууну океанга төгөт


"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.
"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.

Жапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан сууну 24-августтан баштап Тынч океанга төгө баштайт. Бул тууралуу 22-августта премьер-министр Фумио Кисида кабарлады.

Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана «айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин» айткан.

Ошол эле маалда айрым мамлекеттер буга тынчсыздануусун билдирүүдө. Kyodo News басылмасы жазгандай, июль айында Кытай менен Орусия чогулган сууну бууга айлантуу вариантын карап көрүүнү сунушташкан. Расмий Бээжин ошондой эле жапон деңиз продукцияларын тыкыр текшерүүдөн өткөрүү талабын киргизди. Ал эми Түштүк Корея эч каршылыгы жок экенин, МАГАТЭнин бүтүмүн сыйлаарын билдирди.

2011-жылы цунамиден улам "Фукусима-1" атомдук электр станциясында болгон авариядан бери реакторлорду муздатуу үчүн колдонгон 1,3 миллион тонна суу чогулуп калган. Ал сууну тазалап, атайын резервуарларда сактап келишкен. Эми ал сууну төкпөсө, 2024-жылы ташый баштаары маалым болду.

2024-жылдын март айына чейин Жапония океанга 31,2 миң тонна суу төгүүнү көздөп жатат. Планга ылайык, резервуардагы суу менен деңиз суусун чабыштырып, андагы радионуклиддердин концентрациясын азайтышат. Андан соң атайын суу алдындагу тоннель аркылуу океанга кетиришет. Суу 30 жылдын ичинде толук төгүлүп бүтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG