Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Түп районунун акими Каныбек Адиев да кызматтан кетти


Каныбек Адиев.
Каныбек Адиев.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Ал жаңы жетекчи качан дайындалары азырынча белгисиз экенин айтты.

Каныбек Адиев бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалган.

Буга чейин алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген.

Андан көп өтпөй Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арызынын негизинде иштен кеткен.

Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилген. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG