Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Bloomberg: орус элитасы Шойгуну отставкага кетирүүнү талап кылууда


Путин жана Шойгу.
Путин жана Шойгу.

Орусиялык күч түзүмдөрүндөгү айрым таасирдүү адамдар Владимир Путинди коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду кызматтан алууга көндүрүп, Украинадагы позициясын күчөтүп, жалпы мобилизация жарыялоого жана согуштук абал киргизүүгө үндөп жатат.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди. Орусиялык элитанын беш ишенимдүү булагына таянган агенттик Путинди катаал кадам жасоого үндөп жаткандардын ысымын ачык атаган эмес.

Агенттик июнь айында аскердик козголоң уюштуруп, Москвага куралдуу жүрүш уюштурган "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин да ушундай талап менен чыкканын эске салган. Анда орус президенти Путин Пригожиндин аракетин айыптап, "көтөрүлүш" деп атаган.

Bloomberg жазгандай орус элитасын Путиндин көтөрүлүшчүлөрдү жазага тартпаганы таң калтырган. Алар муну президенттин беделине доо кетирген аракет катары эсептегени менен Путинге альтернатива болчу эч кимди көрө элек жана кво-статусун колдоп турат.

Агенттиктин билдирүүсү Кремлдин 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдыгына арналган. Көптөгөн комментаторлор Путин алты жылдык мөөнөткө дагы шайланышы мүмкүн деп эсептешет.

Bloomberg агенттиги менен маектешкендер орус президентин учурда Украинадагы согушка байланыштуу рублдин курсу жана экономикалык туруктуулук тынчсыздандырып жатканын айткан. Путин шайлоо алдында инфляцияга жол бербөө үчүн чара көрө турганын белгилешкен.

Агенттик Путин бешинчи мөөнөткө баруу үчүн санкцияга, согушка, экономикалык көйгөйлөргө карабай өз бийлигин бекем жана ишенимдүү көргөзүүгө аракет кылышы ыктымал деп божомол кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG