Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Рысбеков: Мовлаев экстрадиция болсо мекенинде кыйноого кабыларын айтты


Мансур Мовлаев.
Мансур Мовлаев.

21-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган чеченстандык активист Мансур Мовлаев менен жолугуп чыкты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, Мансур Мовлаев эч кандай кыйноого кабылбаганын, кармоо учурунда колу жана буту тытылып кеткенин айткан. Бул убактылуу кармоочу жайдагы медициналык китепчесине жазылган.

“Мансур Мовлаев эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтыптыр”, - деди Рысбеков.

Атайын кызмат Мансур Мовлаевди 20-августта Кыргызстанда кармаганы кабарланган. Анын адвокаты Илгиз Насыров 21-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралары күтүлүп жатканын айтты. Мансур Мовлаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлган.

VC.RU сайтындагы маалыматтар боюнча 28 жаштагы Мансур Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чеченстандык активисттин кармалышы тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG