Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Зеленский: Киев F-16 кыргын салуучу учагын алат


Владимир Зеленский менен Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте. 20-август, 2023-жыл
Владимир Зеленский менен Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте. 20-август, 2023-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын 20-августта Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин билдирди.

Ал аба мейкиндигин коргоо үчүн дагы бир кадам жасалып жатканын, бул учактар орус күчтөрүн Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берерин белгиледи. Зеленский Нидерланддын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйында Черниговдо ишембиде болгон чабуулга токтолду.

"Кечээ гана Черниговдун борбордук аянтында ракеталык чабуул болуп, жети киши мерт болду, арасында алты жашар бала бар. Жабыркаган 148 кишинин 15и балдар. Агрессор Украинага каршы 6500дөн ашык ракета жана 3500дөн ашуун дрон, негизинен ирандык "Шахеддерди" пайдаланды. Алардын көбү аскердик объектилерди эмес, жай тургундарды бутага алды", - деди Зеленский.

Рютте маалымат жыйында Нидерланд менен Дания ортодогу бардык шарттар аткарылганда учактар берилерин айтып, ал качан ишке ашарын тактаган жок.

Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүнөн кол жууду. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүнү талап кылып келет.

Августта Вашингтон украин учкучтарын F-16 кыргын салуучу учагында машыгууга макулдук берген. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG