Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

"Эркин Бурятия" фондунун негиздөөчүсү сыртынан соттолот


Александра Гармажапова, "Эркин Бурятия" фондунун негиздөөчүсү
Александра Гармажапова, "Эркин Бурятия" фондунун негиздөөчүсү

Улан-Удэдеги сот орусиялык журналист, "Эркин Бурятия" фондунун негиздөөчүсү Александра Гармажаповага карата козголгон армия жөнүндөгү “фейктер” тууралуу кылмыш ишин сыртынан карайт.

"Медиазона" сотко иштин материалдары келип түшкөнүн жазды. Алгачкы отурум азырынча белгилене элек, иштин чоо-жайы да белгисиз. 2023-жылдын февраль айында журналистке федералдык издөө жарыяланган.

"Эркин Бурятия" Орусиянын Украинага каршы согушун сындап, бурятиялык аскер кызматкерлерине укуктук жардам берип келет. Мындан тышкары фонд Орусияны деколонизациялоону, бийликти децентралдаштырууну жана өлкөдө жашаган бардык элдин укуктары камсыз кылынышын жактайт.

2022-жылдын күзүндө Александра Гармажапова "чет элдик тыңчы" реестрине киргизилген. Роскомнадзор ага чейин "Эркин Бурятиянын" сайтын жапкан.

2022-жылдын сентябрь айында Астанада бурят журналисти Евгения Балтатарова кармалган. Ал орус армиясын "дискредитациялоо" жөнүндөгү иштин алкагында издөөдө болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG