Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

"Луна-25" Айдын бетинде кулап түшкөнү болжолдонууда


Роскосмос жекшемби күнү «Луна-25» автоматтык, планета аралык станциясы менен байланыш бир суткадан көбүрөөк убакыт мурун үзүлгөнүн кабарлады. Азырынча аппарат кайда экени белгисиз. Корпорация космостук кеме эсептелбеген орбитага өтүп кетип, жыйынтыгында айдын бетине кулап жок болушу мүмкүн деп эсептейт. Бир күн мурда Роскосмос алдын ала коно турган орбитага өтүп жатканда “Луна-25” станциясынын бортунда адаттан тышкаркы абал пайда болгонун билдирген, бирок бул туурасында толук маалымат берген эмес. Станциянын кулашынын себебин иликтөө үчүн мекеме аралык комиссия түзүлө турган болду.

Планета аралык "Луна-25" станциясы Амур облусундагы Чыгыш космодромунан 11-августта учурулган. Бул Орусиянын жаңы тарыхындагы айга жиберилген алгачкы миссия эле. Автоматтык станция айдын бетинде узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзмөк.

Мындан тышкары ТАСС белгилегендей, станциянын милдети — Жер спутнигинин түштүк уюлунда жумшак конуу технологиясын иштеп чыгуу болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG