Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

АКШ, Жапония жана Түштүк Корея Кытайдын деңиздеги аракеттерин айыпташты


Кэмп-Дэвид. Ардактуу кароол конокторду тосуп алган учур.
Кэмп-Дэвид. Ардактуу кароол конокторду тосуп алган учур.

АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын лидерлери жума күнү Кэмп-Дэвидде экономикалык, аскердик кызматташууларды тереңдетүүнү макулдашты. Тараптар муну менен катар Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги "кооптуу жана агрессивдүү" аракетин айыпташты.

Вашингтондун Азиядагы негизги өнөктөштөрү болуп саналган Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ел жана Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидо менен жолугушууну АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы уюштурган.

Үч лидер аймакта кырдаал курчуп, жагымсыз абал жаралган учурда реакцияларды координация кылуу жөнүндөгү жалпы билдирүүгө кол коюшту. Ага ылайык жыл сайын үч тараптуу аскердик окуу өткөрүп, түндүк кореялык ракеталар атылган учурда маалымат алмашып турушмакчы.

Кытайга каршы коммюникенин мазмуну күтүлгөндөн алда канча күчтүү болгонун "Америка добушу" билдирди. Бул Бээжинди соодадагы өнөктөшү Кореяга да, Жапонияга да каршы реакция жасоого түртүшү мүмкүн.

"Кытай Эл Республикасынын Түштүк-Кытай деңизиндеги деңиз дооматтарын мыйзамсыз колдогон кооптуу жана агрессивдүү аракеттерине жакында эле күбө болдук, биз Инд-Тынч океанынын аймактарындагы суунун кво-статусун бир тараптуу өзгөртүүгө умтулган кандай аракет болбосун айыптайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Кэмп-Дэвидде биринчи саммите кабыл алынган милдеттенмелер тарыхый жактан алакасы татаал болуп келген Сеул менен Токио үчүн маанилүү баскыч болуп калмакчы.

"Биз чогуу болсок, биздин өлкөлөр жана дүйнө коопсуз болот", - деди Байден өнөктөштөрүнө "саясий эрдиги" үчүн ыраазычылык билдирип жатып.

Юн "Биздин үч өлкө эркиндик коркунучка кептелбеши үчүн чогуу болушу керек" деп айтты.

Кисиданын айтымында, бул жолугушуу үч өлкөнүн "ушул күндөн тарта жаңы тарыхты жаратканын көрсөттү".

Токио жана Сеул Вашингтонду колдоо үчүн Жапония Корей жарым аралын 1910-жылдан 1945-жылга чейин басып турган кездеги пикир келишпестиктерди Вашингтондун жардамы менен жоюуга умтулууда. Бул талаш-тартыштар Кисида менен Юндун ич ара коргонуу пактына кол коюуну талкуулабаганынын бир себеби болду. АКШ бул макулдашууга эки тарап менен тең кол койду. Жапония жана Түштүк Корея расмий өнөктөштөр болуп саналбасын Ак үйдөгү атын атабаган ишенимдүү булактар журналисттерге тактады.

Бээжин АКШнын Түштүк Корея жана Жапония менен байланышты күчөткөнү "аймактагы чыңалууну жана конфронтацияны күчөтөрүн" эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG