Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Орусияда белгилүү окумуштуу Сахаровдун борбору жоюлду


Москвадагы Сахаров борбору. Архивдеги сүрөт.
Москвадагы Сахаров борбору. Архивдеги сүрөт.

Москва шаардык соту Юстиция министрлигинин арызын канааттандырып, Сахаров борборун жоюу чечимин 18-августта чыгарды.

Юстиция министрлигинин доосуна ылайык, аталган борбор 2020-2022-жылдары үч жолу мыйзам бузган.

Алардын арасында "уюмдун уставына каршы" Москвадан тышкары жакта иш-чара өткөрүү, "чет элдик агент" деген жазуусу жок он чакты видео жайгаштыруу жана документтери орус мыйзамдарына "шайкеш келбестиги" деген "мыйзам бузуулар" бар.

Сахаров борборунун өкүлдөрү дооматтардын баарын четке кагып, уюм мыйзам бузбаганын айтышууда.

Сахаров борбору Москвада 1996-жылы советтик жана орусиялык ири окумуштуу, физик, СССРдеги алгачкы суутек өзөктүк бомбасынын авторлорунун бири, коомдук ишмер, укук коргоочу, диссидент, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына ачылган.

2014-жылы уюм "чет элдик тыңчылардын" тизмесине киргизилген. Быйыл жыл башында борбордун Москвадагы кеңсесин тартып алышкан. Анткени "чет элдик тыңчы" деген жарлык тагылгандарга мамлекеттен жардам берилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG