Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

УКМК: Сирияда террордук даярдыктан өтүп келген эки кыргызстандык кармалды


Кармалгандардын сүрөтүн УКМК жарыялады.
Кармалгандардын сүрөтүн УКМК жарыялады.

Сирияда атайын террордук даярдыктан өтүп келген жана ошол жакта эл аралык террордук топтун катарында согушка катышкан деген шек менен эки кыргызстандык кармалганын бүгүн 18-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттердин алкагында колго түшүрүлгөн шектүүлөрдүн бири 29 жашта, экинчиси 30да.

Алар террордук мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштары, анын ичинде Сириядагы согушка катышканы үчүн 2019-жылдан бери издөөдө жүргөнү, экөө тең УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы маалымдалды.

Кармалгандардын жакындары же жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Халифат орнотобуз деп «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын көбү балдары менен кошо алигүнчө Сириянын жана Ирактын түрмөлөрүндө отурушат. Айрымдары Кыргызстанга алынып келинген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG