Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Көкбөрү: финалда "Ынтымак" менен "Астана" беттешет


Көкбөрү боюнча "Достук" кубогу. Жарым финалдык беттеш: ""Ынтымак" жана "Достук" командаларынын беттеши. 18-август, 2023-жыл.
Көкбөрү боюнча "Достук" кубогу. Жарым финалдык беттеш: ""Ынтымак" жана "Достук" командаларынын беттеши. 18-август, 2023-жыл.
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунун финалчылары аныкталды. Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.
"Достук" кубогу үчүн финалда эми "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алды.
Көкбөрү боюнча "Достук кубогу". Жарым финалдык беттеш: ""Астана" жана "Түркстан" командаларынын беттеши. 18-август, 2023-жыл.
Көкбөрү боюнча "Достук кубогу". Жарым финалдык беттеш: ""Астана" жана "Түркстан" командаларынын беттеши. 18-август, 2023-жыл.
"Түркстан" (Казакстан) жана "Достук" (Кыргызстан) командалары 3-орун үчүн ат салышат.

Ал эми клубдар лигасында финалга “Жаштык” жана “Красноярск” командалары чыкты. Коло байге үчүн “Алтай” жана Өзбекстан командасы беттешет.

Финалдык оюндар 20-августта өтөт. Бул күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG