Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Ош милициясы Мирзиёевге кайрылган жарандан улам териштирүү баштады


Ош шаары, иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык милициясы социалдык тармактар аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёевге кайрылган жаранга байланыштуу териштирүү баштады. Анда кайрылуу жолдогон жаран шаардын "Амир-Темир" кичи районунун 60 жаштагы тургуну экени аныкталган.

"Анын кайрылуусу жарыялангандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келип, кайрылуу жасаган себеби суралды. Билдирүүсүндө белгиленген фактыларды аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен бирге тиешелүү иш-чаралар көрүлө баштады. Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын сөздөрүнүн мыйзамдуулугун териштирүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалат жана анын иш-аракетине юридикалык баа берилет", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Ош шаарынын тургуну ТикТок аркылуу Мирзиёевге кайрылып, өзбек тектүү жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүүгө жардам сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG