Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы иштен кетти


Кеңешбай Тайлаков.
Кеңешбай Тайлаков.

Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси кызматынан кетти. Ал Фейсбуктагы баракчасына өзүнүн берген арызынын негизинде иштен бошогонун жазды, бирок ага эмне себеп болгонун тактаган жок. Анда өзү кызматта турганда аткарылган иштер тууралуу билдирүү калтырды.

"Бул кызматта турган учурум дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө, баалардын кескин көтөрүлүшүнө туш келди. Ошондуктан бир топ жаңы ыкма менен иштөөгө туура келди. Эң негизгиси - ички базарда тартыштыка жол берген жокпуз, кырдаалды эске алуу менен жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамга президент кол койду. 2023-жылдын 18-июлунан тарта күчүнө кирди. Жетекчи болгон эки жылда бюджетке 500 миллионго жакын акча чегерилди. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо жаңы ыкмаларды колдонууга байланыштуу мыйзамдар өзгөрдү, аймактарда да ишти күчөттүк", - деп жазды Тайлаков.

Кеңешбай Тайлаков бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган жана ага чейин бул кызматтын директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Экономика жана коммерция министрлиги июнь айында өлкөдөгү базар баасын көзөмөлдөөдө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, буга чейинки мыйзамда керектөө товарлар, азык-түлүк бир ай ичинде 20% кымбаттап кеткен учурда гана бааны көзөмөлдөөгө болот деген ченем алынат. Монополист ишканалардын баа саясатын көзөмөлдөөгө да укук берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG