Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Евразия өнүктүрүү банкы Кумтөрдөн бюджетке түшкөн киреше азайганын билдирди


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда Кумтөр алтын кенинен мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү азайганын билдирди. Бул тууралуу банктын август айындагы баяндамасында айтылды.

Банктын эсебинде, мамлекеттик бюджет быйылкы жылдын алгачкы беш айында ички дүң өнүмгө карата 1,9% профицит менен аткарылды, бир жыл мурда ошол эле мөөнөттө бул көрсөткүч 2,4% болгон.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 4,2%, салыктан түшкөн каражат 1,9% көбөйгөнү, чыгаша 4,5% өскөнү маалымдалды.

“Кумтөр” ишканасынан түшкөн киреше ички дүң өнүмүнө карата 4,7% төмөндөгөнү белгиленди.

Кыргыз тарап буга байланыштуу комментарий бере элек.

Евразия өнүктүрүү банкы - Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) уюмуна караштуу институт. ЕАЭБ алгач Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы май айында алып, 2022-жылы апрелде “Кумтөр” ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

2022-жылы Кумтөрдө 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашык аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше алган. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 миллиард сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG