Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Июнь окуясы: УКМК күч кызматкерлеринин өлүмүнө шектүү киши кармалганын билдирди


Кылмышка шектүүнүн сүрөтүн УКМК жарыялады.
Кылмышка шектүүнүн сүрөтүн УКМК жарыялады.

Июнь окуясы учурунда күч жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 50 жаштагы тургуну кармалганын бүгүн 17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, издөөдө жүргөн шектүү киши чет өлкөлөрдүн биринен 17-августта кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Ош облусундагы жапырт башаламандыкка катышкан, Кара-Суунун Нариман айылында укук тартибин коргоочуларды жана Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси болгон деп шектелүүдө.

Тергөөсү уланган кылмыш ишинин алкагында ал Ош шаарындагы тергөө абагында кармалары кабарланды.

УКМК 2010-жылдын Июнь окуясынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо, аларды жоопко тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатканын белгилеп, бул окуяда “өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбайт” деп эскертти.

13 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

Башкы прокуратуранын 2020-жылдагы маалыматына ылайык, жалпы 5642 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын көбүнүн бети ачылбай калган.

Жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерпол аркылуу 37 адам эл аралык издөөгө берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG