Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Жаңы окуу жылынын каникул күндөрү аныкталды


Чоң-Алай. Архивдик сүрөт.
Чоң-Алай. Архивдик сүрөт.

Кезектеги окуу жылы 1-сентябрда башталып, келерки жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу буйрук кабыл алынганын бүгүн, 16-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

“Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрук түрүнө жана менчигине карабастан өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарына тийиштүү экени белгиленди.

Ага ылайык, мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди.

Күзгү эс алууда окуучулар 6-13-ноябрда болушат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет, ал эми жазгы каникул 21-31-мартта болот.

Биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул бир жумага узартылат.

Кыргызстанда 2021-жылы жаңы окуу жылы алгачкы жолу адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда башталган. Өкмөт муну кадимки окуу тартибине коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалдан кийин бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максаты менен түшүндүргөн. 2022-жылы мурдагыдай тартипте, 1-сентябрда башталган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мектептер 2,5 миңге, окуучулар 1,5 миллионго чамалады.

Жакында өлкөдө “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам иштей баштады. Анын авторлору негизги жаңылык катары бала бакча ачуу жеңилдеп, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганын, ваучер системасы кирерин, мектептеги аккредитация жоюларын, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүнүшү керек болорун, ошондо сапат жогорулай турганын айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG