Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Кыргызстанда үйлөнгөн жана ажырашкан түгөйлөрдүн саны азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жыл башынан бери өлкөдө 19 миң 347 нике катталганын билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2687 түгөйгө аз экенин кабарлады.

Алты айда ажырашкан жуптардын дагы саны азайган. Былтыркы жылдын биринчи жарымында 6067 түгөй ажырашса, быйыл алты айда 5814 жуп чогуу түтүн булатпай калган.

Өлкөдө алты айда 66 миңден ашык бала төрөлгөн, бул 2022-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 5807 миңге аз. Алты айда 15 миңден көп киши каза болгон жана былтыр алты айда көз жумгандар 1345 учурга көп катталган.

Буга чейинки расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 50-51 миңге чамалуу түгөй баш кошуп, 10-12 миңдей жуп ажырашат. Өлкөдө ар жылы 145 миңден ашык ымыркай төрөлөт. Ошондой эле 35-36 миңдей жаран көз жумат.

Былтыр күзүндө Кыргызстандын калкы расмий түрдө жети миллионго жеткен. Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу 19-октябрга караган түнү саат 2:10до Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн уул бала болгону маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG