Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:24

Грузияда жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 26га жетти


Жер көчкү жүргөн аймакта куткаруучу дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатат. 5-август, 2023-жыл. Грузия, Шови.
Жер көчкү жүргөн аймакта куткаруучу дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатат. 5-август, 2023-жыл. Грузия, Шови.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 15-августта билдиргендей, өлкөнүн түндүк-батышындагы курорттук аймакта жүргөн жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 26га жетти. Жети киши дайынсыз.

Куткаруу иштери табигый кырсык болгон аймактарда жана жакынкы дарыялардын жээктеринде да жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбукка жазды.

Окуя 3-августта минералдык булактары жана жыш токойлору менен белгилүү Шови курорттук аймагында болгон. Жер көчкү бир катар мейманканаларды жана коттеждерди басып калган.

Жер көчкүдөн улам дарыядагы суу ташкындап, көпүрөнү алып кеткен.

Кырсык болгон аймактан 210 адам эвакуацияланды.

Оппозиция куткаруу иштери дароо башталбаганын айыптап, атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG