Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Польша чек арада чыңалуу күчөгөн маалда ири аскердик парад өткөрдү


Польшанын президенти Анджей Дуда аскердик парадга катышып жатат. 15-август, 2023-жыл. Варшава.
Польшанын президенти Анджей Дуда аскердик парадга катышып жатат. 15-август, 2023-жыл. Варшава.

Польшанын баш калаасы Варшавада 15-август - Куралдуу күчтөр күнүндө ири аскердик парад өткөрүлдү. DPA агенттиги билдиргендей, ага эки миңдей жоокер, 200дөй аскердик техника катышты. Авиашоуга жүздөй учак жана тик учак тартылды.

Ошондой эле көрүүчүлөрдүн алдына америкалык Abrams танктары, HIMARS реактивдүү системалары, Patriot зениттик-ракеталык комплекси чыгарылды.

Буга чейин, 1-августта Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Беларус менен чек арасындагы аскерлеринин санын 10 миңге чейин көбөйтүү пландалып жатканын билдирген.

Буга Беларуска «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын көчүшү жана Минск тараптан мыйзамсыз мигранттардын чек араны кесип өтүү аракетинин көбөйүшү түрткү болду.

Андан тышкары парад 15-октябрда өтчү парламенттик шайлоону утурлай уюштурулду.

Польша армиясы менен аба күчтөрүн модернизациялоо үчүн соңку жылдары АКШ жана Түштүк Корея менен ири аскердик келишимдерди түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG