Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Түркияда орус элчиси Карловду өлтүрүүгө шектүү аял кармалды


Орусиянын Түркиядагы элчиси, маркум Андрей Карлов көргөзмөнүн ачылышында сүйлөп жатат. Бир нече мүнөттөн кийин ал артындагы Мевлют Алтынташтын огунан каза болгон. 19-декабрь, 2016-жыл.
Орусиянын Түркиядагы элчиси, маркум Андрей Карлов көргөзмөнүн ачылышында сүйлөп жатат. Бир нече мүнөттөн кийин ал артындагы Мевлют Алтынташтын огунан каза болгон. 19-декабрь, 2016-жыл.

Түркиянын атайын кызматтары орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектелген дагы бир аялды кармады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ал аял 2016-жылы Анкарада Карловду өлтүргөн Мевлют Алтынташтын жакын санаалашы болгон.

Кармалган аял "ФЕТО" кыймылынын (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) тарапташы экени, ал Стамбулда колго түшкөнү кабарланды.

Орусиянын Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы Андрей Карлов 2016-жылдын декабрь айында "Орусия түрктөрдүн көз карашы менен" деген сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында өлтүрүлгөн.

Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы Мевлют Алтынташ Карловду атардын алдында "Аллаху Акбар! Алеппону унутпагыла!"деп кыйкырган. Бир нече мүнөттөн кийин ал коопсуздук күчтөрүнүн огунан жан берген.

Кыргызстандын Түркиядагы ошол кездеги элчиси Ибрагим Жунусов да көргөзмөнүн ачылышында болгон. Ал окуя тууралуу "Азаттыкка" айтып берген.

2021-жылы сот Карловдун өлүмү боюнча беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Сегиз айыпталуучу беш жылдан 15 жылга чейин кесилген. Алты киши акталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG