Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Новопокровкалык дыйкандар сугат суудан улам кайра акцияга чыкты


Акцияга чыккан дыйкандар. Фейсбукка жарыяланган видеодон алынган сүрөт.
Акцияга чыккан дыйкандар. Фейсбукка жарыяланган видеодон алынган сүрөт.

15-августта Ысык-Ата районунун 30дай жашоочусу сугат суунун жетишсиздигине нааразылык билдирип, Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Алар 1-августтан бери сугат суу кайра тартыш болуп, мунун айынан жаңы отургузулган көчөттөр куурап жатканын айтууда.

Дыйкандар ал жерде негизинен малина, кулпунай жана кожогат өстүрүшөрүн, суунун жетишсиздигинен алар чыгаша тартып калышы ыктымал экенин айтышты.

"Биздин бул жакка келгендеги негизги максатыбыз - суу. Ушул маселени тездетип чечип беришсе жакшы болмок. Азырынча өкмөттөн бирөө чыгып, жоопкерчилик алып, убада бере элек", - деди акциянын катышуучуларынын бири.

Алар бир жарым ай мурда акцияга чыккандан кийин сугат суу маселеси чечилгенин, 1-августтан кийин кайрадан таңкыстык байкалганын билдиришти.

Чогулгандар менен Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев жолугуп, 20 күн ичинде суу токтоосуз берилерин, андан кийин дарыядагы суунун келишине жараша болорун айтты.

Сокеев ошондой эле күн сууктаганына байланыштуу дарыяларда суу аз келип жатканын кошумчалады.

Бул айылдын он чакты тургуну 27-июнда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыгып, сугат суу жетишсиз болуп жатканын айтышкан. Суу ресурстары кызматы бул дайраларда суу азайганына байланыштуу экенин айтып, кээ бир аймактарга суу берүүнү азайтып, башка жактарга берүү менен маселени чечүүгө болорун түшүндүргөн.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыш болууда. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып эле жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй жана Талас облустарында курч маселе болуп турат.

Июнь айында Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун тартыштыгына нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Алар менен Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жолугуп, суу жеткирүү маселесин чечип берүүгө убада кылгандан кийин чогулгандар тарап кеткен эле. (MtK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG