Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

АКШ Украинага 200 млн долларлык кошумча аскердик жардам бөлдү


Украинадагы согуш тилкесинде колдонулуп жаткан HIMARS комплекси, 5-ноябрь 2022-жыл.
Украинадагы согуш тилкесинде колдонулуп жаткан HIMARS комплекси, 5-ноябрь 2022-жыл.

14-августта Кошмо Штаттар Украинага 200 миллион долларга бааланган жаңы аскердик жардамын жарыялады. Пентагондун маалыматына ылайык, бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар.

"Орусия согушту баштады жана Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетип, катаал чабуулдарын токтотуу менен бул согушту каалаган учурда соңуна чыгара алат. Ага чейин АКШ, биздин өнөктөштөр жана союздаштар канчага чейин зарыл болсо, ошого чейин Украина менен бирге турат", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Бул 2021-жылдын август айынан бери АКШ Украинага жөнөткөн аскердик жардамдын 44-пакети. Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага 43 миллиард доллардык жардам көрсөткөн. Акыркы жолу, июль айында Вашингтон Киевге 400 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөткөн.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Учурда украин армиясы менен орус күчтөрүнүн салгылашуулары негизинен өлкөнүн чыгыш жана түштүк тараптарында уланууда.

14-августта орус күчтөрү Одесса шаарын, Харьков облусун аткылады. Андан Харьковдо бир киши каза таап, дагы экөө жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG