Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ашхабад Орусиянын Кытайга көбүрөөк газ сатуу планына кабатырланды


Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов "Чыгыш-Батыш" газ куурунун курулушун баштоо аземинде, 31-май 2010-жыл.
Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов "Чыгыш-Батыш" газ куурунун курулушун баштоо аземинде, 31-май 2010-жыл.

Түркмөнстан Орусиянын Кытайга газ экспортун арттыруу тууралуу планына тынчсыздануусун билдирди. «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин төрагасынын орун басары Мырат Аршаевдин мындай мазмундагы билдирүүсү Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Анда Аршаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевскийдин Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын ортосунда "газ үчилтигин" түзүү тууралуу 11-августтагы билдирүүсүнө комментарий берген. Биричевский үч өлкөнүн ортосундагы газ боюнча өнөктөштүккө башка мамлекеттер да кызыкдар экенин "РИА Новости" жаңылыктар агенттигине айткан болчу.

Ашхабаддын өкүлү өз билдирүүсүндө орус дипломаты газ кызматташтыгы боюнча суроолорго так жооп бербегенин белгиледи.

«Бул маселеде бизге тактык керек. Анткени бул башка өлкөлөрдүн, анын ичинен Түркмөнстандын да кызыкчылыгына тиешелүү маселе», - деди Аршаев.

Анын айтымында, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан Борбор Азиядан Кытайга газ экспорттоодо бири-бири менен кызматташып келет. Ал үчүн учурда "Түркмөнстан-Кытай" газ куурунун үч бутагы иштеп жатат.

Аршаев бул газ куурун толугу менен "түркмөн жана кытай тарап" курганын, бул куур аркылуу Кытайга багытталган көгүлтүр отундун басымдуу бөлүгү Түркмөнстанда өндүрүлөрүн, калганы өзбек жана казак газы экенин белгиледи.

Расмий Ашхабад соңку билдирүүсүндө Кытайдын рыногундагы түркмөн газы менен Орусиянын көгүлтүр отунунун ортосундагы атаандаштыкка тынчсыздануусун туюндургандай болду.

Түркмөнстандын экономикасы газ экспортуна көз каранды. Көгүлтүр отундун соодасы өлкө бюджетинин 80 пайызына жакынын түзөт.

Жакында "Коммерсантъ" басылмасы Орусия Өзбекстан жана Казакстан менен келишим түзүп, түркмөн кууру аркылуу Кытайга газ экспорттой башташы мүмкүн экенин жазган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG