Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Сот Данияр Ибраевдин абактан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди


Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.
Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевдин пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгарылышы боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту түшүндүрмө берди.

Соттун маалыматына ылайык, Данияр Ибраевге карата Кылмыш кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык жана башка уюмдун кызматкеринин кызмат абалынан пайдалануусу") менен коюлган айыптар далилденген эмес, сот бул берене боюнча анын күнөөсү жок деп актаган.

"Ошол эле учурда алдамчылык фактысы боюнча айыбын өзү мойнуна алганы, жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле соттун материалдарына ылайык тастыкталды. Данияр Ибраев жабырлануучуларга үч айдын ичинде келтирген чыгымды төлөп берүүгө милдеттүү. Эгер төлөбөсө, камалат", - деп жазылган маалыматта.

Сот Ибраевдин жазасын жумшартууга анын кылганына чын дилден өкүнгөнү, келтирген чыгымды төлөп берүүгө макулдугу жана жабырлануучулардын тосмо арызы негиз бергенин билдирген.

Райондук сот 20-июлда Данияр Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кесүү чечимин чыгарып, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошоткон. Мындан тышкары аны жалпы 19 млн. 821 миң доллар материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирген.

Данияр Ибраевге алдамчылыкка байланыштуу 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Милиция ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып, 19 млн 821 миң АКШ долларын алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

2020-жылдын февраль айында Ибраевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Ошол жылы 27-февралда ал Болгариянын баш калаасы Софиянын борборунан кармалып, камакка алынган.

Андан соң Ибраев адам укуктары боюнча Европа сотуна, андан сырткары Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, укугу корголо турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Адвокаттар экстрадициялоо боюнча чечимге каршы арызданышкан. Апелляциялык сот аны үй камагына чыгарган.

Былтыр майда Болгариянын Варна шаарынын райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок Ибраевдин кайда жүргөнү белгисиз болгон. Аны кармоо боюнча Кыргызстандын ИИМи быйыл 18-январда Интерполго кайрадан кайрылып, Ибраев Болгарияда кармалганы белгилүү болгон.

31 жаштагы Данияр Ибраев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраевдин уулу. Бишкекте ата-бала Ибраевдерге акчасын алдатып жибергенин айтып, ондогон киши митинг өткөргөн. Экс-депутат андай айыптарды төгүндөгөн.

Бишкек шаардык милициясы 2020-жылы бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз менен кайрылганын билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, "Ибраев жети курулуш компаниясын 507,3 миллиондон ашуун сомго алдап кеткен" деп шек саналууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG