Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Запорожье: Орусиянын соккусунда бир киши кайтыш болуп, 12си жараат алды


Украина, Запорожье. Орусиянын соккусунан талкаланган имарат. 10-август, 2023-жыл
Украина, Запорожье. Орусиянын соккусунан талкаланган имарат. 10-август, 2023-жыл

Украинанын Запорожье облусунун аскердик администрациясы акыркы суткада аймактагы 19 шаар-кыштак 114 жолу аткылоого туш болгонун билдирди.

12-августта эртең менен облустагы Орехов шаарына авиабомба менен чабуул коюлганын украин ички иштер министри Игорь Клименко Телеграмдагы каналында жазды.

Анын маалыматына караганда, соккудан 31 жаштагы полиция кызматкери мерт кетип, дагы 12 киши жараат алды. Алардын төртөө ИИМдин кызматкерлери.

Клименко бир нече кишинин абалы оор экенин, дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.

Ишембиде орус армиясы Купянск районундагы Купянск-Узловой айылын аткылап, 73 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады.

Орусиянын аткылоолору күчөгөндүктөн, украин бийлиги 10-августта Купянскинин тургундарын эвакуациялай баштаган.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.

Орус тарап Запорожьеге урулган сокку тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG