Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Зеленский аскердик комиссариаттардын жетекчилерин бошотту


Украинанын президенти Владимир Зеленский Украин мамлекеттүлүгүнүн күнүнө арналган иш-чарада. 28-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт. Киев.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украин мамлекеттүлүгүнүн күнүнө арналган иш-чарада. 28-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт. Киев.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бардык облустук аскердик комиссариаттарынын башчыларын бошотконун 11-августта жарыялады.

«Бул системаны согуш деген эмне экенин жана согуш маалындагы пара алуу жана текебердик мамлекеттик чыккынчылыкка барабар экенин так билген адамдар башкарыш керек", -деди Зеленский Телеграм аркылуу жасаган видеокайрылуусунда.

Анын айтымында, бул системаны «фронтко барып келген, ден соолугунан ажыраса да өз абийирин сактап калган, текеберленбеген жоокерлерге» ишенсе болот.

Мындай билдирүүнү украин президенти Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин атайын жыйынынан кийин жасады. Анда аскердик комиссариаттарды текшерүүнүн натыйжасында 112 кылмыш иши козголгону маалымдалган. Алардын көбү мобилизациядан качкандарга жасалма документтерди жасап берүү боюнча козголгон.

Соңку айларда Украинада облустук аскердик комиссариаттардын жетекчилеринин катышуусу менен бир топ чуулуу окуялар болгон. Одесса облустук комиссариатынын жетекчиси Евгений Борисов мыйзамсыз баюуга, аскердик кызматтан баш тартууга шектелип кызматтан алынып, тергөө иши жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG