Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

УКМК: Өзүн милиция кызматкерибиз деп, акча талап кылгандар кармалды


Сүрөт УКМКдан алынды. Өзүн милиция деп тааныштырган топ.
Сүрөт УКМКдан алынды. Өзүн милиция деп тааныштырган топ.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн топ кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, алты кишиден турган топ өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, бир адамдан 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтуу менен коркутушкан.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу)" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 8-августта кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылып алынган. Атайын кызмат ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды УКМКнын (0312) 66-04-75 телефонуна кайрылууну сунуштаган. Кайрылган адамдардын аты-жөнү купуя сакталат.

Быйыл апрель айында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламентте Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге кысым көрсөтүп каражат талап кылган фактылар 90% чейин азайды деп айткан.

ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы кезде 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG