Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте троллейбус айдоочулары маянаны көтөрүү талабы менен жумуштан кетүүгө арыз жазды


Бишкек шаарындагы троллейбустар.
Бишкек шаарындагы троллейбустар.

Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун айдоочулары жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланды. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылды.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтышты.

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын "Азаттыкка" билдирди.

"Мурда 22 миң сом алып келген болсо, биринчи этапта 50 миң сомго көтөрүп жатабыз. Жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө ийгиликтүү өткөрүп алсак, жаңы жылдан кийин айлыкты дагы карайбыз деп жатабыз", - деди Капаров.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштарын жарыялагандан кийин пайда болду.

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук , "Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG