Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

ИИМ бир жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 8-августта Бишкек шаарында бир жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалганын билдирди.

Шектүү 1974-жылы туулган А.Н. аттуу жаран 7-августта Жалал-Абад облустук милициясына каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүрө баштаган. Ал бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткени үчүн тергөө иштери министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.

"Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган", - деп айтылат маалыматта.

7-августта бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясында каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Жаранды тинтүү учурунда анын жанынан кагазга оролгон кара куурайга окшош зат табылган.

8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү анын үйүн тинтүү учурунда ширенкенин кутучасынан кара куурай жытына окшош заттар табылган. Экпертизанын жыйынтыгы менен табылган заттар каннабис чайыры” экени аныкталган.

Кармалган шектүү жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG