Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Бишкек шаардык соту Айжана Мырсандын арызын канааттандырган жок


Айжан Мырсалиева.
Айжан Мырсалиева.

Бишкек шаардык соту социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиеванын арызын 4-августта карап, канааттандырган жок.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салганы 23-мартта белгилүү болгон. Шаардык сот бул чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция буга интернеттеги мониторингдин алкагында былтыр 16-мартта Тик-Ток социалдык тармагындагы @rinat_usupbaev деген аккаунтта жарыяланган Айжан Мырсалиеванын видеосу себеп болгонун айткан. Анын сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу болгону жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экени белгиленген.

Былтыр 23-июлда Айжан Мырсалиева жактоочусунун коштоосунда тергөө кызматына барып, тийиштүү иш-аракеттерге катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG