Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Кемпир-Абад иши: соттук териштирүү 14-августта өтөт


Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны жүрүп жаткан учур. Бишкек. Июнь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны жүрүп жаткан учур. Бишкек. Июнь, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр Биринчи май райондук сотунда 14-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу адвокат Эркин Булекбаев "Азаттык" радиосуна кабарлады.

"Бизге соттон бүгүн маалымдашты. Ал күнү тергөө абагындагылардын бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу каралат. Андан тышкары биз соттун ачык өтүшүн суранып, кайрылабыз".

Адвокаттын сөзүнө караганда, иш боюнча айыпталып тергөө абагында жана үй камагында отургандардын бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-августта аяктайт.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 14 адам буга чейин сот создукканын айтып, нааразылык билдирген.

Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык карап, айыпталуучулардын айрымдарын үй камагына чыгаруу жана сотту ачык өткөрүү өтүнүчтөрүн караган.

23-июнда Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылып, калгандарынын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Мунун негизинде соттук териштирүү да жабык өтөрү кабарланган.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтууда. Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG