Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Чүй облустук соту Жолдошбек Сыргаковдун журналист Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди аталган сот 8-августта кабыл алды.

Буга чейин журналист Мамыркулова Байтик айылдык кеңешинин депутаты Жолдошбек Сыргаковдун Фейсбук социалдык тармагында тараткан видео тасмасы кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган.

Аламүдүн райондук соту журналисттин арызын негиздүү деп таап, Сыргаковду 5500 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок райондук соттун чечимине макул болбогон Сыргаков облустук сотко апелляциялык арыз жазган. Арызы бүгүн каралып, канааттандырылган жок.

Сыргаков сотто видеодо Мамыркулованын кадыр-баркына шек келтирген сөз айтылбаганын, ал баракчасынан өчүрүлгөнүн жана сот видеону көрбөй туруп чечим чыгарганын айтты.

Журналист Канышай Мамыркулова бийликтин кемчиликтерин ачык сындаганы менен белгилүү. Ал мындай позициясы үчүн социалдык тармактарда негизсиз каралоого кабылып жатканын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG