Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөт


9-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG