Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Июлда Крымдагы туристтердин саны 45% кыскарды


Аннексияланган Крымдагы эс алуучулар
Аннексияланган Крымдагы эс алуучулар

Орусия аннексиялап алган Крымда жайгашкан мейманканалар кардарларга 50-60% гана толуп, аларга алдын ала жазылып келгендердин саны 45% кыскарган. Мейманканалар кардар тартуу үчүн бааларын төмөндөтүүдө. Бул тууралуу “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыкты.

Ушул жылдын жаз жана жай айларында Крым бир нече ирет украиналык дрондордун чабуулуна кабылган. Апрелдин аягында дрондор Севастополдогу мунай базасына чабуул жасаган. 7-майга караган түнү жарым аралдын үстүнөн 10 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн. 19-июлда дрон чабуулунун натыйжасында Старый Крым шаарындагы курал-жарак кампасы өрттөнүп кеткен.

Аннексияланган жарым арал менен Краснодар крайын байланыштырган Крым көпүрөсү согуш башталгандан бери эки жолу ири чабуулга кабылган. 2022-жылдын 8-октябрында Крым көпүрөсүндө жүк ташуучу автомашина жардырылган. 2023-жылдын 17-июлунда көпүрө дагы дрон катерлердин чабуулуна кабылган.

Учурда Крым көпүрөсүндө кыймыл чектелген. Орусиядан ал жакка барууну каалагандарга "жаңы аймактар" менен өтүү сунушталууда. "Жаңы аймактар" деп Орусия Украинанын басып алган аймактарын атайт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG