Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Түп районундагы селдин кесепети, чыгымы такталып жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Түп районундагы сел жүргөн Кең-Суу жана Байзак айылдарында чыгымды тактоо, кырсыктын кесепетин жоюу иштери уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, баштапкы маалыматка ылайык, 2-августтагы селде Кең-Сууда 31, ал эми Байзак айылынан 17 үйдү суу каптап, төрт көпүрө жабыркады, экөө авариялык абалда турат. Андан сырткары жети ички чарбалык жол жабыркап, үч чакырымы калыбына келтирилди.

Мунун алдында аталган министрлик нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Июнь айында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG