Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Уран калдыктар маселесинен улам Акылбек Жапаров Жумгалга барды


Өткөн айда министр Бообек Ажикеев орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышкан.
Өткөн айда министр Бообек Ажикеев орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-августта Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш айылында урак калдыктарын рекультивациялоо иштери менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын "Дальнееге" көчүрүүдө коопсуздук чараларын сактоого байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

"Президент Садыр Жапаров 13-июлда Миң-Кушта тургундар менен жолугуп, уулуу калдыктарды зыянсыздандыруудагы коопсуздуктан улам кооптонууларын уккан. Анда уран калдыктарын ташуу эл аралык талаптардын чегинде гана жүргүзүлөөрүн белгилеп, объекттерде бардык санитардык нормалар жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталаарын айткан. Ушуга байланыштуу Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жеринде көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди",-деп жазылган маалыматта.

Июлдун аягында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышкан.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG