Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Батыш Африка өлкөлөрү Нигерге аскер киргизүү планын даярдады


Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялаган.
Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялаган.

Батыш Африка мамлекеттери зарыл болгон учурда Нигерге куралдуу кийлигишүүнүн планын даярдады. Кийинки аптага чейин бийликти басып алган козголоңчулар конституциялык тартипти калыбына келтирбесе жана өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган президенти Мохамед Базумду бошотпосо ал план колдонулушу ыктымал. Бул тууралуу Reuters агенттиги Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигинин (ECOWAS) өкүлүнө таянып жазды.

Уюмдун саясат, тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча комиссары Абдель-Фатау Мусах кийлигишүүнүн чоо-жайы тууралуу ачык айтылбай турганын белгиледи.

Мунун алдында Мохамед Базум АКШ өкмөтүнө жана "эл аралык коомчулукка" кайрылып, өлкөдө конституциялык тартипти орнотууга көмөктөшүүгө чакырган.

Washington Post басылмасында 3-августта жарыяланган Базумдун атайын билдирүүсүндө аны бийликтен кулатуу ишке ашса, мунун кедергиси бир гана Нигер эмес, жалпы аймакка жана дүйнөгө тиерин эскерткен.

Мохамед Базум эки жыл мурда өлкө тарыхында алгачкы жолу болгон бийликти тынч өткөрүү жараянынын жыйынтыгында шайланып, мамлекет башына келген. Ал эгер козголоңчулар бийликте калса чөлкөм толугу менен Орусиянын, тактап айтканда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын таасиринде каларын белгилеген.

Базум Нигердеги кырдаалды "Боко Харам" сыяктуу террордук топтор өз пайдасына колдонушу мүмкүн деп кооптонторун айткан.

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG