Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Керч көпүрөсүндө катуу жарылуу болгону кабарланды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Аннексияланган Крымдагы айрым Телеграм-каналдар 5-августка караган түнү Керч көпүрөсү тарапта жарылуу болгонун жазышты. Ага ылайык, көпүрөнүн жарыктары өчүп, каттам токтотулду. Маалыматтарга карагада асмандан жана суу астынан дрондор менен чабуул жасалган.

“Крым.Реалии” сайтындагы маалыматка ылайык, катуу жарылуу тууралуу Запорожье аймагынын башчысы Владимир Рогов билдирген. Бирок Крымдын Москва дайындаган башчысынын орун басары Олег Крючков аны ырастаган эмес.

Социалдык тармактарда Керчтеги чабуулда жабыркады деген танкер тууралуу маалыматтар чыкты.

ТАСС агенттиги Новороссийскиден Керч кысыгына куткаруучулар тобу жөнөп кеткенин жазды.

Мунун алдында, 4-августта Орусиянын Коргоо министрлиги Новороссийск портуна экипажсыз эки катер чабуул жасаганын билдирген.

Мекеме кол салуу артында Украина турганын айтып, дрондор жок кылынганын кошумчалаган.

"Украинская правда" басылмасы коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, чабуулда порттогу "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урулганын жазган. Редакция соккунун видеосун дагы жарыялаган.

Коргоо министрлиги Новороссийскиден тышкары учкучсуз аппараттардын чабуулуна аннексияланган Крымдагы обьектилер да кабылганын билдирген. Дрондордун баары зыян келтире электе абадан жок кылынганы айтылган.

Буга байланыштуу Киев комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG