Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Дональд Трамп шайлоодо “кутум” уюштурууда күнөөсү жок экенин айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Вашингтондун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка “2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында кутум уюштурган” деген айыпты расмий угузду. Басылмалар Трамп күнөөсүн моюнуна албай турганын жазды.

Прокурорлор соттук процесс башталганга чейин Трампты камакка алуу ниети жоктугун айтышты. Ошол эле маалда алар экс-президенттен иш боюнча фактыларды ачыкка чыгарбоону жана Колумбия округунун Федералдык сотуна көрсөтмө берүү үчүн келип туруусун талап кылышты. Сот бул шарттарды аткарбаган чакта мурдагы президентти камакка алуу тапшырмасы берилерин эскертти.

Биринчи соттук отурум 3-августта болду. Бул күнү процесс өткөн соттун имаратынын тегерек-четинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кийинки кароо 28-августка дайындалды. Анда соттук жараяндын расмий датасы чечилет.

1-августа Юстиция министрлигинин атайын кеңешчиси Жек Смит Трампка төрт баскычтан турган жаңы айыптарды таккан. Анын ичинде Трамп президент Жо Байдендин жеңишин Конгрессте тастыктоого жол бербөө үчүн кутумга аралашканы тууралуу айыптоо бар. Кутумдун максаты “президенттик шайлоодо жыйналуу, эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын сертификациялоону бузуу” болгону айтылат.

45 барактан турган айыптоо корутундусунда белгиленгендей, Трамп добуштарды эсептөөдө атайылап туура эмес маалыматты колдонуп, бир нече штаттарда расмий адамдарга кысым көрсөткөн. Вице-президент Майк Пенсти бир нече штатта тандоочулардын добушун тааныбоого ишендирүү үчүн аракет кылган.

Дональд Трамптын шайлоо штабы жаңы айыптоолорду “Башкы прокуратуранын шайлоо процессине таасир этүү аракети” деп атады.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Бул 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы ачылган үчүнчү жана эң олуттуу кылмыш иши.

Дональд Трампка мындан сырткары “улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарып алууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан” деген айып тагылган. Андан тышкары порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталган.

Дональд Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG