Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Чымкентте Январь окуясында курман болгондордун жакындары кармалды


Январь окуялары маалында жакынын жоготкондор Чымкент шаарынын акимчилигинин алдына акцияга чыгышты. 1-август, 2023-жыл.
Январь окуялары маалында жакынын жоготкондор Чымкент шаарынын акимчилигинин алдына акцияга чыгышты. 1-август, 2023-жыл.

Казакстандын Чымкент калаасында 1-августтун кечинде полиция Январь окуясында каза болгондордун жакындарын кармап кетти.

Алар ушул эле күнү эртең менен акимчиликтин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, бийликтен алардын жакындарын аткандарды жана атууга буйрук бергендерди табууну талап кылды. Калаа жетекчилигинен аларга эч ким чыккан эмес, болгону акция "мыйзамсыз" экенин айтып, таркап кетүүгө чакырышкан.

Кармалгандар бир нече сааттан кийин бошотулду. Аларга сот болорун айтышкан. Бирок качан, кайсы убакытка белгиленгенин такташкан эмес.

Жакындарынан айрылгандар күнөөлүүлөр табылмайынча акимчиликтин алдында түнөөгө даяр экенин, атургай президент Касым-Жомарт Токаевдин резиденциясына чейин жетишерин айтышууда.

2022-жылдын январь айындагы башаламандык маалында Чымкентте 20 киши набыт болгон. Алгач тартип коргоочулар маркумдарды "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыптоого аракет кылып, бирок далил таба алган эмес.

Ошондуктан кылмыш иштери жабылып, мерт болгондорду жабыркагандар деп таанышкан. Маркумдардын туугандары алардын өлүмү боюнча адилеттүү жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүшүн жана кенемте төлөнүшүн талап кылып келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG