Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Энергетикадагы карызды Финансы министрлиги төлөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызын Финансы министрлиги өзүнө алды.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-июлда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Учурда Энергетика министрлигинде 1 млрд сомго жакын карызы бар экенин, ал электр энергиясын керектеген абоненттердин бересеси экенин кошумчалады.

“Карыздын баарын мамлекет өз мойнуна алып, өзү жапмай болду. Бул энергетика тармагын тазалоо максатында жасалды. Мисалы, сиз энергетика тармагына инвестиция салам десеңиз, ошол мамлекетти, кийин ошол өлкөнүн энергетика тармагын изилдейсиз. Бул сектордогу чоң карызды көрсөңүз: “Мынча карыз менен мен чыгарган электр энергиясын сатып ала алабы?”, - деп чочулайсыз. Инвестициялык жактан кызыктыруу үчүн ушундай кадамга бардык”, - деди министр.

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде “Кабарга” агенттигине берген интервьюсунда электр энергиясына болгон карыздын көлөмү 137 миллиард сомго жеткенин, тарифти көтөрүү менен энергетика тармагын сактап калууга болорун айткан.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы көп жылдан бери өзгөрүүсүз келип, быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын жыл башындагы маалыматына ылайык, өлкөдөгү энергокомпаниялардын 1 млн 524 миңден ашуун абоненти бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG